МАМЛЕКЕТТИК КАЗЫНАЧЫЛЫК МИЛДЕТТЕНМЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЛЕКЕТТИК КАЗЫНАЧЫЛЫК МИЛДЕТ­ТЕНМЕ - калк арасында ыктыярдуу негизде та­ратылган (жайгаштырылган) мамлекеттик баалуу ка­газдар; мамлекеттик карызды кымбат баалуу кагаз­дар менен жайгаштыруунун бир түрү. Мындай кагаз анын ээсине (кармоочусуна) мамлекеттик бюд­жетке салым кошконун тастыктап, анын тий­иштүү мөөнөттөн кийин акчалай киреше алы­шына өбөлгө түзөт. Киреше боюнча төлөм жыл сайын купон ж. б. аркылуу жүргүзүлөт. Казы­начылык милдеттенмелер узак (5-25 жыл), орто (1-5 жыл) жанажыска (1 жыл) мөөнөттүү болуп чыгарылат.