МАМБЕТОВ Айып

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:51, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМБЕТОВ Айып (1926-жылы туулган, азыркы Нарын обл., Ат-Башы району, Кара-Булуң кыш. - 16. 4. 2007, Чүй обл., Аламүдүн району, Орто-Алыш кыш.) - экономика илимдеринин доктору (1984), профессор (1985). Ат-Башы районундагы мектептерде мугалим, директор (1944-60). Ысык-Көл, Жети­Өгүз р-ндорунда колхоз-совхоздордун өндүрүш башкармасында уюштуруучу инспектор (1960- 63), Кыргыз ССР ИА ЭИде кенже, улук илимий кыз­маткер (1963-71), 1971-2007-жылы КАЧИде кафед­ра башчысы болуп иштеген. 90дон ашык илимий эмгектин (анын ичинде 9 монография) автору. Илимий эмгек­тери негизинен колхоз-совхоздордун экономи­касынын проблемаларына арналган.

Эмг.: Резервы увеличения производства продукции овцеводства и повышения его рентабельности. Ф., 1966; Проблемы эффективности овцеводческих хо­зяйств. Ф., 1983.