МАМАЖАН (акын)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:51, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМАЖАН - Ош облусунун'Кара-Суу районундагы кыштак. Жоош айыл аймагына караштуу. Де­ңиз деңг. 945 м бийиктикте жайгашкан. Район­дун борбору жана т. ж. бекети Кара-Суу ш-нан 14 км түштүк-чыгыш тарапта. Калкы 2550 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар. Турмуш-ти­ричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайла­ры иштейт.