МАЛАХИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛАХИТ (грекче malache - топчу баш гүл, гүлдүн жашыл жалбыра­гына окшоштугу­нан) - карбонат­тар классына ки­рүүчү минерал. Химиялык формуласы

Файл:МАЛАХИТ 1.jpg

Cu2[CO3](OH)2. Курамында Cu 57,4%. Өңү-түсү ачык жашыл, көгүш жашыл. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 3,5-4. Салыштырма салмагы 3,9-4,1. Сульфид­дүү жез кендеринин үстүнкү бетиндеги кычкыл­дануу зонасында кездешет. Кооз таш катары зер­герчиликте, кооз буюмдарды жасоодо (шуру, мончок, ваза), колонналарды каптоодо колдо­нулат. Боёк даярдалат.