МАРОККО
МАРОККО, Марокко Королдугу (арабча Аль-Мамляка аль-Магрибия) - Түндүк-Батыш Африкадагы мамлекет. Түндүгүнөн Жер Ортолук деңиз, батышынан Атлантика океаны, чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Алжир, түштүгүнөн Сахара Батыш аймагы менен чектешет. Аянты 446,5 миң км2. Калкы 32,1 миллион (2011).


Борбору - Рабат ш. Администрациялык-аймактык жактан 14 облуска [ал 52 администрациялык бирдикке (шаар префектурасына жана вилайеттерге)] бөлүнөт. Акча бирдиги - марокко дирхамы. М. - БУУнун (1956), Араб өлкөлөр лигасынын (1958), ЭВФтин (1958), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү.
М. - унитардык мамлекет. Конституциясы 1972-жылы кабыл алынган. Вашкаруу формасы - конституциялык монархия. Мамлекет башчысы - король. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - эки палаталуу парламент (Өкүлдөр палатасы жана Кеңешчилер палатасы).
Аткаруу бийлигинин жогорку органы - премьер-министр башында турган өкмөт (Министрлер кеңеши). М-до көп партиялуу саясий система орун алган. Башкаруучу партиялары: «Истикляль», Прогресс жана социализм партиясы, Бириккен элдик кыймыл ж. б.
|
Администрациялык-аймактык бэлүнүшү (2009) |
|||
|
Облустары |
Аянты, миң клг2 |
Калкы, миң |
Администрациялык борборлору |
|
Чыгыш |
82,8 |
1994,3 |
Ужда |
|
Гарб-Шрарда- БениХсен |
8,8 |
1972,1 |
Кенитра |
|
Гулиман |
59,8 |
426,3 |
Гулимин |
|
Дуккала-Абда |
13,3 |
2104,1 |
Сафи |
|
Касабланка (Чон Касабланка) |
1,6 |
3897,7 |
Касабланка |
|
Марракеш-Тенсифт-Эль-Ауз |
31,2 |
3290,4 |
Марракеш |
|
Мекнес-Тафилальт |
79,2 |
2265,2 |
Мекнес |
|
Рабат-Сале-Заммур-Заэр |
9,6 |
2509,7 |
Рабат |
|
Сус-Масса-Драа |
71 |
3369,6 |
Агадир |
|
Тадла-Азилаль |
17,2 |
1538,3 |
Бени-Меллаль |
|
Таза-Эль-ХосеймаТаунат |
24,2 |
1851,1 |
Таза |
|
Танжер-Тетуан |
11,6 |
2619,9 |
Танжер |
|
Фес-Бульман |
19,8 |
1668,2 |
Фес |
|
Шавия-Вардига |
16,8 |
1731,0 |
Хурибга |
Табияты.
М. - тоолуу өлкө. Түштүк-батышынан түндүк-чыгышка карай Атлас тоолору (бийиктиги 4165 лг; Тубкаль чокусу) созулуп жатат. Түштүгү менен түштүк-чыгышын Сахара чөлү ээлесе, Атлантика жээгиндеги түздүктөр да ага карайт. М-нун аймагынын көпчүлүк бөлүгүнүн климаты субтропиктик, түндүгүндө жер ортолук деңиздик, түштүгүндө континенттик. Январдын орт. темпрасы 10-12°С, июлдуку 24-28°С. Жаан-чачыны 500-1000 мм, түштүгүндө жылына 200 лгжден аз. Өлкөнүн түштүгүндө бир нече жыл бою жаан жаабайт. Кышы жумшак. Жайы ысык (жылдын 4-6 ай бою абанын температурасы 20°Сдан түшпөйт) жана кургак. Сахара чөлү тараптан соккон ысык кургак шамал (сирокко) абанын темпрасын кескин жогорулатат (борбордук бөлүгүндө 40°С, Атлантика океанынын жээгинде 32°Сге чейин). Кумдуу бороондор тез-тез болуп турат. Дарыяларынын көбү - уэддер. Ирилери: Мулуя (Жер Ортолук деңиздин алабына кирет), Себу, Уммэр-Рабия, Тенсифт (Атлантика океанынын алабына кирет). Калган дарыялары соолуп калат (ириси - Драа). Топурагы күрөң, түштүгү чөл топурактуу. Жээктериндеги түздүктөрдө, тоо
аралык жана түндүгүндөгү өрөөндөрдө чополуу кара топурагы (слитозём) күрдүүрөөк келет. Тоолорунда субтропик токою, түштүгүндө жана түштүк- чыгышында жарым чөл өсүмдүгү өсүп, кум жана таштуу чөл басымдуу. Таззека, Тубкаль ж. б. улуттук парктары Уэд-Масса биосфера резерваты уюштурулган. Суу-саз өсүмдүктөрү эл аралык мааниге ээ болуп, Рамсар конвенциясынын чегинде корголот.
Калкы.
Калкынын көбү арабдар, марокколуктар негизинен түндүк-батышта жана түндүктө, алжирликтер, маврлар, тоолуу райондорунда берберлер (риф, сенхажа, тамазичт, шильх), ошондой эле француз, испандар да бар. Расмий тили - араб тили. Ислам динин тутат. Орт. жыштыгы
1 км2ге 71,6 киши (2011). Калкынын жашынын орт. узактыгы эркектериники - 72,8 жаш, аялдарыныкы - 79,1. Төрөлүүнүн деңгээли өтө жогору (1000 кишиге 19,2), өлүм-житим төмөн (ЮООге 4,75). Шаар калкы 58% (2010). Ири шаарлары: Касабланка, Рабат, Фес, Марракеш, Танжер, Мекнес, Агадир.
Тарыхы. М.
аймагын байыртан эле азыркы берберлердин ата-бабалары мекендеген. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын аягында М-нун азыркы аймагына финикиялык колониячылар келип, өз колонияларын негиздеген. Биздин заманга чейинки 5-к-да финикия колониялары Карфагендин бийлигине өткөн. Карфаген кулаган соң, Түндүк М-ну биздин заманга чейинки 27-жылы Рим караткан. Жергиликтүү калкы (маврлар же маврусилер) уруу союзуна биригип, уруу башчылары - агеллиддер башкарган. Колонияга айланган М-нун айрым бөлүгүндө алгачкы жамааттык мамилелер бузулуп, таптык мамилелер орной баштаган. 5-к-да М-нун Түндүк бөлүгүн вандалдар, 6-к-да византиялыктар караткан. 8- к-дын башында М-ну арабдар басып алып, исламды жана араб тилин тараткан. Анын түндүк- батышында 788-жылы Идрисилер мамлекети (азыркы М. аймагындагы 1-мамлекет) негизделген. 10-к-да М. Фатимиддер халифатына кирген. Альморавиддер, Альмохаддар династияларынын тушунда (11-13-кылым) М. күчтүү мамлекетке айланып, маданияты гүлдөп (архитектура өнүгүп, мечит,
мунара жана медреселер курулуп, дин мектептери ачылган ж. б.), Европа, Батыш Африка менен экономикалык байланыш түзгөн. Бирок 14-к-дын 60-жылдарынан Мариниддер мамлекети начарлап, майда княздыктарга бөлүнгөн. 15-к-да М-го европалыктар кире баштап, өлкөнүн көп бөлүгүн португалдар менен испандар караткан. 16-к-дын аягында жергиликтүү уруулар европалык колониячыларга каршы күрөшүп, жээктеги шаарлардын бир тобун бошоткон. Исмаил (1672-1727-жылы бийлеген) жана Сиди Мухаммед бен Абдаллах (1757- 90-жылы бийлеген) султандардын тушунда М-нун Атлантика жээги бошотулуп, өлкөнүириктирүү башталган. 19-к-дын 40-жылдарынан М. жеринин көбүн француздар менен испандар басып алган. 20-к-дын башында Германия менен Улуу Британия да М. үчүн күрөшкөн. Натыйжада 1912-жылдагы келишим боюнча М-до Франция протектораты орноп, анын бир аз бөлүгү Испания
бийлигине өткөн. 1936-жылы европалык колониячылар М-нун 837 миң га жерин өз ара бөлүштүрүп алган. Францияга тиешелүу аймагы фр. капиталдын эсебинен өнүгүп, француз тили киргизилгенетикалык М-нун эл массасы колониячыларга катуу каршылык көрсөткөн. Россиядагы революциядан кийин (1917) М-до улуттук-боштондук кыймыл жанданып, 1921-жылы Мухаммед Абд аль-Керим аль Хабаби баштаган риф уруулары көз карандысыз Риф республикасын түзгөн, бирок аны 1926-жылы Франция менен Испаниянын бириккен күчтөрү кулаткан. 1930-жылдары М-до жаштардын жана студенттердин алгачкы кыр көрсөтүүлөрү башталып, саясий уюмдар (Марокко элдик аракет блогу, МЭАБ ж. б.) негизделген. Экинчи дүйнөлүк согуш убагында улуттук-боштондук кыймыл күчөп, М-го толук көз карандысыздыкты берүүнү француз бийлигинен талап кылган. 1953-жылы 20-августта француздардын
кысымы менен Мухаммед тактан кетип, Мадагаскар аралына куулган. 1955-жылы Мухаммеддин кайра келиши менен улуттук-боштондук кыймыл күчөп, 1956-жылы 3-мартта Франциянын, 7- июнда Испаниянын протектораттары жоюлуп, М-нун көз карандысыздыгы таанылган. 1963-жылы өлкөдө алгачкы парламенттик шайлоо өткөн. 1973-жылдан чет элдик ишканалар мамлекеттештирилген. 2000-жылдан өлкө демократиялаштырууга багыт алган. М. - 1956-жылдан ВУУга мүчө. Африка өлкөлөрүнүн Касабланка конференциясын (1961) чакыруунун демилгечиси жана Африка союзу уюмун негиздөөчүлөрдүн бири.
Чарбасы.
М. - экономикасы көп тармактуу өнүгүп жаткан агрардык-индустриялуу өлкө. Экономикасынын негизин - минералдык сырьёлорду (фосфорит) казып алуу түзөт. ИДПнин көлөмү 153,8 миллиард доллар (АКШ); аны киши башына бөлүштүргөндө 4,9 миң доллардан туура келет (2010). Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 51,4, ө. ж-дыкы 31,5, а. ч-ныкы 17,1 (2010). Улуттук экономикасы ири мамлекеттик компаниялар, ошондой эле мамлекетке жана королдук үйбүлөсүнө жакын көп тармактуу бир нече холдинг тарабынан көзөмөлдөнөт. М-до тоо-кен ө. ж. өнүккөн. Фосфорит (2009-жылы 18,3 миллион г; дүйнөдө 3-орунда, Кытай менен АКШдан кийин), барит (596 миң т, дүйнөдө 3-орунда, Кытай менен Индиядан кийинки), коргошун, цинк, жез, марганец, кобальт, алтын, күмүш, темир, сымап, мышьяк, ошондой эле нефть (жылына 180 миң г) жана

газ (60 миллион жэ) казылып алынат. 2009-жылы 20,8 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Кара металлургия (болот, сорттуу прокат), нефть ажыратуу, химиялык (фосфор кислотасы, дүйнөлүк экспорттун 40% и; жер семирткичтер), фармацевтика, машина куруу (автомобиль кураштыруу, а. ч. техникалары, транзистор, авионикалар, оптика, электр кабелдери ж. б.), булгаары-бут кийим, целлюлоза-кагаз, текстиль, тигүү, тамакаш (анын ичинде балык, жашылча-жемиш консервалары, кант) ө. ж. ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк (килем токуу, тери өңдөө) өнүккөн. А. ч. эрте бышчу жашылчачылыкка, цитрус өсүмдүктөрүн жана зайтун өстүрүүгө, жүзүмчүлүккө адистешкен. Дан эгиндери, кант кызылчасы, бал камыш, картөшкө, коон, дарбыз өстүрүлөт. Кой, эчки, бодо мал, эшек, качыр, төө, жылкы асыралат. Балык кармалат. Туризм өнүккөн (2008-жылы 7,9 миллион турист кел-
ген). Автомобиль жолунун узундугу 57,6 миң км (анын ичинде асфальтталганы 35,7; 2006), т. ж-нуку 1907 км. Негизги деңиз порттору: Касабланка, Мохаммедия, Жорф-Ласфар (сыртка фосфорит чыгарылат), Танжер, Агадир, Надор. Сыртка кездемелер, тигилүү кийимдер, электр-техникалык, электроника компоненттери, минералдык сырьё, жер семирткич, химикаттар, нефть продукциясы, а. ч. жана балык продуктулары чыгарылат. Негизги соода шериктештери; АКШ, Европа союзуна кирген өлкөлөр, Бразилия, Кытай, Сауд Арабиясы.
Марокко акчасы - марокко дирхамы.
Маданияты.
Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, 9 жылдык милдеттүү жалпы, орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Окутуу араб тилинде. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 55,6% (2008). Мухаммед университети (1957), Сиди Мухаммед бен Абдаллах унти (1974), Хасан II университети (1975), Мулай Исмаил университети (1982) ж. б. бар. Улуттук китепкана (1917), Архив (1920), Улуттук документациялык борбор (1966), ошондой эле Улуттук агрономиялык илимий- изилдөө борбору (1930), Улуттук география (1959), Океанография (1948), Биология, биохимия илимий институттары бар. Араб тилиндеги «Аль-Анба», «АсСахра» «Аль-Магрибия», «Ас-Сабах» ж. б. ири гезиттери чыгат. Радиоуктуруусу 1931-жылдан, телекөрсөтүүсү 1952-жылдан иштейт. 58 радиостанция, 5 телеборбор, ошондой эле «Ма§йгеЬ АгаЬе Ргеээе» мамлекеттик маалымат агенттиги (1959) бар.
М. адабияты араб, бербер, француз тилдеринде өнүгүүдө. М. адабиятында 20-к-дын ортосуна чейин араб классикалык поэзиясынын салттарын чыгармада жаралган. М. адабияты 2-дүйнөлүк согуштан кийин калыптанган. А. М. Бенжеллундун «Кандуу өрөөн» (1948) новелла жыйнагы, «Бала чакта» автобиогр. повести, французча жазган А. Сафриуинин «Анбар теспелер» новелла китеби, «Керемет сандыкча» (1954) романы - араб, француз тилдүү заманбап адабиятынын туу чокусу. 1960-жылдардан баштап араб тилиндеги прозага өнүгө баштайт. 1960-жылы М. Жазуучулар союзу түзүлгөн.
Байыркы мезгилде М-до аска таштарга чебер чегилген адамдардын, айбанаттардын эки дөңгөлөктүү арабалардын (колесница), орнаменттердин силуэттик сүрөттөрү сакталган. М-нун о. к-дагы шаарлары негизинен таш, бетон, чопо, кыштан тургузулган. 18-19-к-дагы белгилүү курулуштары: Мекнестеги Баб-аль-Мансур дарбазасы, Фес жана Мекнес шаарындагы Дар-Бата, ДарЖамаи сарайлары ж. б. 1950-жылдардын башында азыркы үлгүдөгү имараттар курула баштаган. М-до сүрөт искусствосу өнүккөн (живописчи М. А. Идриси, скульптор X. Бен Салах, график М. Аммар ж. б.). Рабат, Касабланка ж. б. ш-да колдонмо искусство кооперативдери түзүлгөн.
М-нун музыкалык маданияты Африка элдеринин, Ж. Чыгыш жана Түштүк Европа өлкөлөрүнүн, негизинен Испаниянын маданиятынын өз ара карым-катышынын негизинде калыптанган. Рабат шаарында Улуттук музыка, бий жана драма искусство консерваториясы иштейт. 1960-жылдан Марракеште жыл сайын улуттук музыкалык фольклор фестивалы, өткөрүлөт.
Элдик М. театрынын бир кыйла өнүккөн формасы - бсат болуп эсептелет. Көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин (1956) профессионалдык театр өнүгө баштайт. Негизги коллективдери: Касабланкада Муниципалдык театр, Рабатта Мухаммед V атындагы Улуттук театр. 1959-жылы Рабатта М. драмалык изилдөө борбору жана драма искусствосу мектеби түзүлгөн. Рабатта араб театр фестивалы өтөт.
М-до биринчи кино 1897-жылы Фес шаарында Султан сарайында көрсөтүлгөн. 1912-жылы өлкөдө француз жана испан протектораты орногондон кийин ири шаарларда туруктуу кинотеатрлар пайда болгон. 1944-жылы Рабаттагы студияга кошумча «Сусси» киноборбору жана киностудиясы негизделген. Алгачкы документ фильми «Мектеп - биздин досубуз» 1957-жылы тартылган. Толук метраждуу фильмдерди тартуу 1968-жылдан жолго коюлган. 1980-жылдардан баштап өлкөнүн ири шаарларында М. киноборбору тарабынан улуттук жана эл аралык кинофестивалдар өткөрүлүп турат.
Ад.: Кино Азии, Африки, Австралии, Латинской Америки: Режиссёрская энциклопедия. М., 2001; Марокко//Болыпая российская энциклопедия. М., 2012. Т. 19.



