МАРКЙЗ АРАЛДАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:45, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРКЙЗ АРАЛДАРЫ - Тынч океандын борбордук бөлүгүндөгү жанартоо аралдарынын тобу, По­линезияда. Франциянын ээлиги. Аянты 1,3 миң км2. Калкы 6 миндей. Администрациялык борбордук - Таиохаэ ш. Эң бийик аралдары - Нукух Оива жана Хива-Оа. М. а. жанар тоо атылыштарынан пайда бол­гон базальт жана туф тектеринен турат. Бийиктиги 1259 .иге чейин. Климаты тропиктик, пассат­тык. Жылдык жаан-чачыны 1000-2500 мм. Нымдуу тропик токою, бадалдуу саванна ээлейт. Тропик дыйканчылыгы өнүккөн. Балык карма­латынча Бермет чогултулат. М. а-н 1595-жылы испан деңиз саякатчысы А. Менданья де Нейра ачкан; Перунун вице-королу маркиз Мендосанын ур­матына аталган. Хива-Оа а-нда өмүрүнүн акы­рына чейин атактуу француз сүрөтчүсү П. Гоген жашап өткөн. Туризм өнүккөн.