МАРЙЯ ТЕРЕЗИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРЙЯ ТЕРЕЗИЯ (13. 5. 1717, Вена - 29. 11. 1780, ошол эле жер) - Австрия эрцгерцогиня­сы, Венгрия жана Богемия королевасы (1740-жыл­дан). Габсбургдар династиясынан, Карл У1нын улуу кызы - 1736-жылы герцог Франц Стефан Ло­тарингскийге турмушка чыккан. 1713-жылы атасы Карл VI чыгарган Прагматикалык санкция боюнча уулу жок болгондуктан, такка кызынын оту­РУУсуна уруксат берилген. 1740-жылы Карл VI өлгөндө анын кызы М. Т-нын мурастык укук­тарын башка европалык мамлекет башчылары тала­ша баштап, акырында 1748-жылы гана М. Т-нын укугу таанылган. 1765-жылы чейин М. Т. күйөөсү - Франц Стефан (лотарингиялык император Франц I), 1765-жылдан уулу - Иосиф II менен бирге мамлекетти башкарган. М. Т. Австрия аймагын­да абсолютизмдин өнүгүшүнө чоң салым кошуп, мамлекеттин борборлоштурулушуна багыттал­ган реформаларды (мамлекеттик кеңеш түзүлүп, про­винциялык башкармалыкты, бажы кызматын реформалаган) жүргүзгөн. Барщиналык систе­манын кризисине байланыштуу жана 1775-жылы дыйкандар көтөрүлүшүнөн улам «барщина жө­нүндө патент», 1768-жылы жаңы кылмыш кодекси ж. б. мыйзамдарды чыгарттырып, 1776-жылы кый­ноолорду жойгон. 1756-63-жылы Жети жылдык согуштун жүрүшүндө Пруссия басып алган Си­лезияны кайтарып алууга жасаган аракеттери ийгиликсиз аяктаган.