МАРАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:45, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАРАТ Жан Поль (21. 5. 1743, Швейцария, Будри - 13. 7. 1793, Париж) - 18-к-дагы фран­цуз революциясынын ишмери, публицист. 16 жашын­да Швейцариядан Францияга келип, Бордо жана Париж шаарында медицина жана философиялык илимде­ринүйрөнгөн. 1765-жылы Улуу Британияга келип, 1775-жылы Эдинбург университетинде медицина доктору наамын алган. «Кулчулуктун чынжыры» (1774, англис тилинде) аттуу туңгуч саясий чыгарма­сында М. феод. абсолюттук түзүлүшкө каршы революциячыл күрөштүн зарылдыгын далилдеген. 1775-жыл­дан Парижде жашаган. Революция башталары менен М. көтөрүлгөн элге кошулуп, 1789-жылдын сентяб­рынан «Эл досу» газетасын чыгарган жана революция­нын андан ары өрчүшүнө жолто кылгандарды (Ж. Неккер, 0. Мирабо ж. б.), жирондисттерди ашкерелеген. Революциянын социалдык маселелерин да иштеп чыккан. 1792-жылы Конвентке депутат­тыкка шайланган. Респ-ны сактап калуу үчүн бардык күчтү бириктирүүгө аракеттенген. Жирон­дисттердин кыянаттыгы менен Революциячыл трибунал­га берилип, андан элдин талабы боюнча бошотул­ган жана Конвентке кайра жиберилген. Жирон­дисттерге каршы көтөрүлүштөрдү даярдоого ак­тивдүү катышкан. Натыйжада Жиронда бийли­ги кулатылган (1793-жылы 31-май - 2-июнь).