МАПУТУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:00, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАПУТУ (1976-жылы чейин Л о р е н с у-М а р­к и ш) - Мозамбик Респ-нын борбору. Инди океа­нындагы Делагоа бухтасынын жээгинде, Афри­канын айланма транзит жолунун боюнда жай­гашкан. Калкы 1,1 миллион (2010; агломерациясы менен 2,2 миллион). Эл аралык аэропорту бар. Шаар пор­тугалиялыктар түзгөн форттун ордунда 1781-жылы

Шаардын жалпы көрүнүшү.

негизделген. 1895-жылдан Португалиянын ээли­ги - Мозамбиктин администрациялык борбору болгон. 1975-жылы Мозамбик көз каранды эместикке ээ болгондон анын борбору. Машина куруу, металл иштетүү, химиялык, нефть ажыратуу, тамак-аш, жыгаччылык, текстиль ө. ж. ишканалары иштейт. Карапа­чылык өнүккөн. Университеттер, коллеждер, музейлер (анын ичинде тарых, улуттук) бар. Вокзалы өтө кооз. Ботаникалык бак (Африка континентиндеги өсүм­дүктөрдүн уникалдуу түрлөрү өстүрүлөт), зоопарк уюштурулган. Деңиз курорту.