МАННЕРГЕЙМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:45, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАННЕРГЕЙМ Карл Густав, Карл Густав

Э м и л ь (16. 6. 1867, Финляндия, азыркы Турку ш-на жакын, Вильняс кыш. - 28. 1. 1951 Швейцария, Лозанна, сөөгү Хельсинкидеги Хиятание көрүстөнүнө коюлган) - барон, финн мамлекеттик жана аскер ишмери, орус саякатчысы, мар­шал (1942). 1889-жылы Санкт-Петербургдагы Ни­колаевск кавалериялык окуу жайын бүтүргөн. 1917-жылы чейин орус армиясында кызмат өтөгөн. 1-дүйнөлүк согушта (1914-18) бирикменин ко­мандачысы; генерал-лейтенант (1917); 1918-жылы финн актар армиясынын командачысы болуп, германиялык интервенттер менен бирге Финлян­дия революциясын (1918) баскан. 1918-жылдын де­кабрь айынан 1919-жылдын июль айына чейин

Финляндия регенти. 1922-51-жылы Финляндия Кы­зыл Крестинин төрагасы. 1931-39-жылы Мамлекеттик кор­гонуу кенешинин төрагасы, 1939-жылдан финн армиясынын башкы командачысы. 1939-40-жылы советтик-финн согушунда жана 1941-44-жылы фашист­тик Германиянын союздашы катары финн ар­миясын жетектеген. 1944-жылы советтик өкмөт койгон шарттар боюнча М. агрессивдик Берлин пактысы­нан (1940) жана согуштан чыгууга мажбур бол­гон. 1944-46-жылы Финляндия президенти бол­гон. М. 1906-жылы июнь-июль айларында Алай өрөөнүнө келип, Курманжан датка жана анын уулу Асанбек менен жолугуп, алай кыргыздары жөнүндө маалымат топтоп кеткен. 4-даражадагы Ыйык Георгий ордени менен сыйланган. 1960-жылы Хельсинкиде М-дин эстелиги тургузулган.

Маннергеймдин Хельсинкидеги эстелиги 1960.

Ад.: Власов Л. В. Маннергейм. М., 2005.

А. Матанова.