«МАНАС» ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ
«МАНАС» ЭНЦИКЛОПЕДИЯСЫ - «Манас» үчилтиги боюнча түзүлгөн фундаменталдуу эмгек; адабий-фольклордук илимий маалыматнаама. Дүйнөлүк тажрыйбада биринчи болуп түзүлүп, 1995-жылы кыргыз тилинде жарык көргөн. Эки томдон турат. Коомчулук тарабынан жогору

бааланып, 1998-жылы КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Эпостун проблемаларына арналган 3 миңден ашуун макала кирип, 95 түстүү, 300 кара-ак сүрөт менен иллюстрацияланган. Макалаларды жазууга 290 автор катышкан. Энциклопедияда «Манас» эпосунун бардык маселелери боюнча негизги маалыматтар камтылган. Энциклопедияда манасчылар, жыйноочулар, изилдөөчүлөр, котормочулар жана эпоско кыйыр же тикелей тиешеси бар чыгармалар, алардын авторлору, режиссёрлору, операторлору, сүрөтчүлөр, ролдорду аткарган артисттер жөнүндө жазылган таржымал макалалар, ошондой эле чет өлкөдөгү Манас айтуучулар, жарыялоочулар, изилдөөчүлөр, өзүнчө чыккан китептер макала түрүндө берилгенетикалык Энциклопедиянын көздөгөн максаты - кыргыздын баатырдык эпосу «Манастын» өз алдынча турган бөлүмдөрүнүн көркөм тексттерин, мазмунун, сюжетин, варианттарын, поэтикасын, мотивдерин, образдар түзүлүшүн, көркөм каражаттарын, топонимикасын, эпостук аталыштарын, антропонимдерин, философиялык жана диний түшүнүктөрүнүн катмарларын, жалпы эле анын кыргыз элинин рухий турмушуна тийгизген таасирлерин чечмелеп берүүгө арналган. Бул эмгекти даярдоодо КР УИАнын окумуштуулары, т. а. манас таануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунун кызматкерлери активдүү катышкан. Энциклопедиянын мазмунун камтыган 3 миңден ашуун термин сөздөр, түшүнүктөр мурда басылып чыккан, ошондой эле КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турган эпостун бардык варианттарынан тандалып алынган. Мындай материалдарга 16-к-дын башында жазылган «Мажму ат-таварих» (Тарыхтар жыйнагы), Ч. Валиханов, В. Радлов, Д. Алмаши, С. Смирновдордун «Манас» эпосу боюнча жазып алган материалдары, «Семетей» эпосунун Тыныбектин айтуусу боюнча басылып чыкканүзүндүсү, 1940-жылдарда «Манас» серияларында жарыяланган эпостун айрым эпизоддору, эпостун үч бөлүмүн камтыган курама варианты, С. Орозбаковдун 4, С. Каралаевдин 5 китептен турган варианттары кирген. Ошондой эле Ш. Рысмендеев, Б. Сазанов, М. Мусулманкулов, Тоголок Молдо, Жусуп Мамайдын варианттары да пайдаланылган. Энциклопедияда бир кыйла көлөмдүү орун чыгармадагы каармандардын мүнөздөмөлөрүнө ыйгарылган. Окуяларга көп катышып, алардын жүрүшүндө активдүү роль ойногон Манас, Бакай, Кошой, Алмамбет, Семетей, Сейтек, Каныкей, Айчүрөк, Конурбай, Жолой ж. б. башкы каармандардын ар бирин сыпаттаган көлөмдүү макалалар менен бирге эле, окуяларда аты гана эскерилген же бир гана эпизоддо катышкан кейипкерлерге берилген чакан шилтеме маалыматтарга чейинки материалдар менен окурмандар «Манас» үчилтигинде катышкан, сөз болгон, аты эскерилген ар бир кейипкер жөнүндө кабар алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Көлөм жагынан да, мааниси жагынан да энциклопедиядагы өзгөчө орунду ээлеген материалдар эпостун жаратуучулары жана сактоочулары - манасчылар жөнүндөгү баяндамалар түзөт. Элге кеңири белгилүү болгон улуу жомокчулардан тартып, аты, атагы бир айылдын чөйрөсү менен чектелген эпос айтуучуларга чейинки ар бир инсан, алардын варианттары, манасчылык өнөрү, жеке табылгалары менен салттык көрүнүштөрдү өздөштүрүү жана пайдалануу чеберчилиги, аткарган вариантындагы сюжеттик нук, салттык өзөк сыяктуу орчундуу маселелер боюнча кыскача маалыматтар, ошондой эле эпостун тексттери качан, ким тарабынан жазылып алынганы, ал материалдардын кийинки тагдыры, кайда сакталганы, көлөмү ж. б. маалымат-кабарлар берилгенетикалык Бул топтогу макалаларда «Манас» эпосуна кызыккан ар бир окурман үчүн гана эмес, кыргыздардын улуу мурасына тиешелүү көптөгөн илимий проблемалар боюнча иликтөөчү окумуштууларга да кыйла кызыктуу маалыматтар, фактылар табылат. Энциклопедияга илимге белгилүү 85 манасчынын ысмы камтылган. Алардын өмүр баяны, варианттарынан көлөмү жана мазмуну сыяктуу негизги маселелерге жооп берүү аракеттери жасалган. Энциклопедиянын мазмунун түзгөн макалалардын чоң тобун «Манас» эпосунун идеялык-көркөмдүк турпат-касиеттерин ачып берген материалдар түзөт. Айрыкча баатырдык эпос, вариант, генеал. циклдешүү мыйзамы, ошондой эле кыргыз жомогуна тиешелүү өзгөчөлүктөр жөнүндөгү көлөмдүү, жалпылоочулук мүнөздөгү ойлорду камтыган макалалар эпос күйөрмандары үчүн да, аны үйрөнүүгө далалаттанып кызыккандар үчүн да орчундуу мааниге ээ. Энциклопедияда «Манас» эпосун изилдөөчүлөр, алардын жасаган иштери туурасында макалалар да орун алган. Орустун белгилүү окумуштуусу В. В. Радлов, казак ориенталисти Ч. Валихановдон тарта кыргыз манас таануучулары - С. Мусаев, Р. 3. Кыдырбаева, Э. Абдылдаев, К. Кырбашев,
А. Жайнакова, Р. Сарыпбековдордун эпос боюнча жазылган эмгектери энциклопедиянын баалуулугун көтөрүп турат. «Манастын» чет өлкөлөрдө жарыяланган тексттери менен кыргыз эпосунун ар кыл проблемалары боюнча изилдөө жүргүзгөн чет элдик окумуштуулар тууралуу материалдар да бар. Бул эмгекте, эпостун мазмунуна байланышкан искусствонун бардык тармактары, алардын чыгармачылыгы туурасында маалыматтарга да кеңири орун берилген. Энциклопедиянын дагы бир баалуулугу - анда библиогр. көрсөткүчтүн берилиши. Ага 1993-жылга чейинки 140 жылдан ашуун мезгилде эпос жөнүндө жарык көргөн материалдар топтолуп, бардыгы 1200дөй документ камтылган. Көрсөткүчкө ошондой эле КУИАнын кол жазмалар фондусунда сакталып турган Манас эпосунун кол жазмасынын тизмеси да берилгенетикалык | С. Мусаёв|