МАНАС (айыл, Сокулук р-ну)
МАНАС (1977-жылы чейин Үй куштары совх о з у) - Чүй облусунун Сокулук районундагы кыштак. Ат-Башы айыл аймагына караштуу. Бишкек - «Манас» аэропорту автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 662 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сокулук кыш-нан 40 км түндүк- чыгыш тарапта. Пишпек т. ж. бекетинен 25 км. Кыштак 1950-жылы негизделген. Калкы 3217 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, маданият үйү бар.