МАМЫК ЧӨПТӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:30, 1 ноябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМЫК ЧӨПТӨР (ВгуорЬу1а) - жер бетинде, кээде тузсуз сууда өсүүчү жөнөкөй түзүлүштүү ав­тотрофтуу өсүмдүктөр бөлүмү. Алар 3 класска (АпПюсегоЪае, НераНсае жана Мивс!) бөлүнөт. Көп клеткалуу, жөнөкөй түзүлүштүү, бийикт. 1-50 слгге жеткен жалбырак-сабактуу көп жыл­дык жашыл өсүмдүктөр. Аларда ассимиля­циялоо, өткөргүч, ошондой эле механикалык ткандары болот. М. ч-дүн өөрчүү цикли гаплоиддүү гаметофит­те диплоиддүү спорофиттин бөлүнүшү менен жүрөт. Натыйжада жыныстык жана жыныссыз мууну бир өсүмдүктө өөрчүйт. М. ч-дүн спорасы­нан бутактанган, көп клеткалуу, фотосинтез­ди жакшы өткөргөн протонема (ичке жип) өсүп чыгат. Протонемада көп сандаган бүчүрлөр пайда болуп, вегетациялык көбөйүүгө шарт түзөт. Ай­рым М. ч-дүн бүчүрүнөн өркүн өсөт. М. ч. - бир

Мамык чөп: 1 - жал­бырактары; 2 - бүтүн өсүмдүк; 3 - урук кутучасы; 4 - урук калпагы.

же эки жыныстуу жана бир же эки үйлүү. Жы­ныс жолу менен көбөйүүчү органдары - антери­дий жана архегоний. М. ч. (Ап!Ьосего1ае жана НераЫсае) негизинен тропик же мелүүн кли­маттуу өлкөлөрдө кеңири таралган. Мизс1 ным­дуу жерде, токой, тундра, сазда өсүп, көбүнчө чым катмарын түзөт. М. ч-дун өтө тез өсүшү топуракты сазга айландырып, шалбаа, жайыт­тардын сапатын начарлатат. Малга тоют ката­ры жумшалат, ошондой эле курулуш ишинде пайда­ланылат.