МАМОНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:45, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМОНТ (МаттпНшэ рг1т1§епшн)— пилдер­дин тукум курут болгон түрү. Евразия, Түндүк Аме­рикада плейстоцендин 2-жарымынан белгилүү. Азыркы пилден чоң (бийиктиги 2,5-3,5 м) бол­гон, буттары, куйругу кыска, жүнү узун, кыл­кыйма тиштери өтө ийилген. Арктикалык шал­баалуу талаа жана

тундранын ачык ландшафт­тарында жашаган. Бадал жана чөп менен азык­танган. М. плейстоцендин аягында, голоцендин башында климаттык жана ландшафттык шарт­тын өзгөрүшүнө байланыштуу тукум курут бол­гон. Түндүк Сибирдин жана Альясканын көп жыл­дык муз кгтмары­нан жумшак ткандары, териси, жүнү менен сактал­ган М. табылган. 1977-жылы Магадан облусунда М-тун ба­ласынын мумия сөөгү табылып, анын карыны менен ичегисинде тама­гынын калдыктары сакталган (ал 40 миң жыл­ча мурда жашаган).