МАМЛЕКЕТТИК МЕНЧИК
МАМЛЕКЕТТИК МЕНЧИК - мүлк (өндүрүш каражаттары жана продукциялары) толугу менен же үлүштүк процентинин көпчүлүгү мамлекетке таандык болгон менчик формасы; мүлккө өлкөнүн атынан мамлекеттик органдар ээлик кылат. Мамлекетке жер, табигый жана материалдык ресурстар, негизги каражаттар, ишкана-мекемелер, маданий жана ички баалуулуктар, стратегиялык объектилер ж. б. таандык. Мындан тышкары М. м-ке администрациялык-аймактык (облус, шаар ж. б.) бөлүнүштөргө тиешелүү менчиктер, ири ишканалардын жана АКтын ар кандай формадагы акциялары («Кыргызтелеком» ачык акционердик коому, Кыргызтамекиси ж. б.), айрым мүлктөр ж. б. кирет, к. Менчик.