МАМБЕТАЛИЕВ Будин Сооронбаевич
Даңкы ордендери, медалдар менен сыйланган. МАМБЕТАЛИЕВ Будин Сооронбаевич (1932- жылы туулган, азыркы Чүй обл., Чүй району, Он Бир-Жылга айылы) - физиолог, медицина илимдеринин доктору (1980), профессор (1983), КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгы лауреаты (1998). КММИни (1955), ошол эле жерде аспирантураны (1960) бүтүргөн. Респ. санитариялык-эпидемиол. станциянын башкы врачы, (1962-70), КММИде ассистент, доцент, кафедра башчысы, декан (1970-97), 1998-жылдан КРСУда профессор болуп иштейт. Гигиена жана эмгек физиологиясы боюнча адис. Кыргыз ССРинин саламаттык сактоосуна эмг. сиң. ишмер (1989). 180ден ашык илимий эмгеги, анын ичинде 3 монография, 2 окуу куралы бар. Даңк ж. б. медалдар менен сыйланган.
Эмг.: Производственный труд в горах. Б., 1993; Актуальные вопросы физиологии и гигиены производственного труда в горной местности. Б., 1997.