МАМАТКУЛ БИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
15:45, 1 ноябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАМАТКУЛ БИЙ Үчүкө уулу (1668-70-жылы че­йин - 1759-жылдан кийин, Кетмен-Төбө, сөөгү Арстанбапка коюлган) - 18-к-дын 1-жарымын­да калмак баскынчыларына каршы элдик күрөштүн [к. Жуңгар хандыгы (1636-1758), Кыр­гыз-калмак (ойротп ) согуштары (17-18-кылым)] же­текчилеринин бири; кыргыз урууларын башкар­ган бий. Айрым даректерде Маматкул, Мамут­хули, Мамук-кули, Минглибай бий, кытай хро­никаларында Ма-му-гу-ху-ли деген аталышта кездешет. Кудаяр хан каза болгондон кийин бий­лик М. б-ге өткөн. 1720-жылдан М. б. Фергана­га ооп барган кыргыздарды бириктирип калмак­тарга каршы элдик күрөштү жетектеген. 1730- 32-жылы кыргыздардын Кетмен-Төбө өрөөнүнө, андан Ат-Башы, Ысык-Көл, Чүйгө көчүшүнө демилге көтөргөн (к. Кыргыздардын Чуйгө көчу­шу). 1735-40-жылы М. б. жана Кошойдун жетекчи­лиги менен Эр Солтоной, Атаке, Качыке, Берди­ке, Момокон ж. б. баатырлар Чүй өрөөнүндөгү конуштарды (Кара-Кыштак, Сокулук, Ак-Бе­шим) калмак баскынчыларынан бошоткон. 1758-жылы кыргыз элчилерин Кытайга жиберип, саясий жана чек ара маселелерин чечкен.

Ад.: Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993; Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргыз­ского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б., 1995; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 2, Б., 2003.

Т. Асанов, Э. Турганбаев.