БАШ-КАРА-СУУ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:17, 27 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШ-КАРА-СУУ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Чүй облусунун Аламүдүн районунда, Бишкек шаарынан 16 км түштүктө, деӊиз деӊгээлинен 1068–1147 м бийиктикте. 1984–1985-жылдары чалгындалган. Пайдалуу кен катмары ортонку төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон кой таш-кум-шагыл кошундуларынан түзүлгөн. Калыӊдыгы 1,8 мден 33,5 мге чейин өзгөрүп, орточосу 11 мди түзөт. Кой таш-кум-шагыл негизинен интрузия тектеринин сыныктарынан, кесек бүртүктүү кумдан турат. Кенден кум-шагыл алууга болот. Запасы В–498 миӊ м3, С1–2987 миӊ м3, В+С1–3485 миӊ м3, С2–575 миӊ м3.