МАЛАГАСИЛЕР
МАЛАГАСИЛЕР - австронезия элдеринин тобу. Мадагаскардын негизги калкы. Саны 20 миллион киши (2009). 60 миңи Францияда, 10 миңи Индия океанынын а-нда (Реюньон, Комор, Сейшель а.) жашашат. Малагаси жана француз тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендеринин көпчүлүгү христиан динин тутушат, мусулмансунниттер да бар. М. 40 этностук топко (антамбахуака, зафисуру, бемихисатра, микса ж. б.) бөлүнөт. М. Малайя архипелагына кирген аралдардан келгендери менен Чыгыш Африка элдеринин аралашуусунан калыптанган. М-дин атабабалары биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын ортосунда, биздин заманга чейинки 3-к. - биздин замандын 1-миң жылдыгынын 1-жарымында Түштүк-Чыгыш Азиядан жер которуп келишкен. М. дыйканчылык, балык уулоочулук жана жибекчилик менен кесиптенишет. М-де жыйноочулук жана аңчылык сакталып калган. Салттуу кийими - эркектер белинен ылдый жамынгыч (салака), аялдар кыска юбка (сикини), майрам күндөрү жибектен согулган жамынгыч (ламба) оронушат. Тамак-ашы - негизинен күрүч, балык жана жүгөрү, майрам күндөрү эт (зебу).