МАЛАГА
МАЛАГА - Испаниянын түштүгүндөгү шаар. Жер Ортолук деңиздин жээгинде, Малага бухтасында жайгашкан порт. Малага провинциясынын администрациялык борбору. Калкы 574 миң (2010; шаар агломерациясы менен 930 миң). Эл аралык аэропорту, метрополитен бар. Жогорку ылдамдыктагы т. ж. байланышы (Мадрид, Севилья) иштейт. М. аркылуу Жер Ортолук деңиз автострадасы өтөт. Ө. ж-нын башкы тармагы - тамакаш ө. ж. (зайтун майы, жашылча-жемиш жана балык консервалары). Машина куруу (анын ичинде кеме), химиялык-фармацевтика (жер семирткичтер, май боёктор, тиричилик химиялык товарлары, косметика), жеңил (булгаары буюмдары - сумка, чемодан), текстиль, нефть-химиялык ө. ж., ташты иштетүүчү жабдууларды чыгаруучу ишканалары иштейт. Самын кайнатылат. Шарап жасоонун борбору (шаардын четинде жүзүмчүлүк өнүккөн). «Малага» таттуу (десерт) шарабы салттуу түрдө ачытылып, анын негизинде «шарап туризми» өнүккөн. Университет 20 музей (анын ичинде П. Пикассонун. музейи, фонду, үй-музейи), театрлар бар. Биздин замандын ч . 11-к. ченде финикиялыктар
тарабынан негизделген. Рим театрынын калдыктары, араб архитектурасынын эстеликтери Алькасаба (8-12-к.), «Хибральфаро» сепил-маягы (13-к.), собор (16-17-к.), Нуэстра Сеньора де ла Виктория чиркөөсү ж. б. архитектуралык эстеликтер (9- 18-к.) сакталган. Балыкчылык өнүккөн. Климаттык курорт. Жыл сайын театр жана испан фильмдеринин фестивалдары өткөрүлүп турат.