МАЛАВИЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЛАВИЛЕР, маравилер - банту элдер тобу, Малавинин негизги калкы. М. (ньянжа же чева) Борбордук жана Түштүк провинцияларда; тум­бука - Түндүк провинцияларда; тонга - Түндүк про­винциянын түштүк-чыгышында; сена - Түштүк про­винциянын түндүгүндө, ошондой эле Замбиянын чы­гышында, Мозамдиктин борбордук жана түндүк-батыш бөлүгүндө, Зимбабвенин түндүгүндө, ТАРдаж. б. жашашат. Жалпы саны 13,5 миллион киши (2009). Оозеки маалыматтарга караганда ньянжа уруу башчысы Калонганын жетекчилиги менен Конго бассейнинен Малави көлүнүн батышындагы аймакка келишип, Малави мамлекеттик бирикмесин түзүшкөн. Банту,- ньянжа тилинде сүйлөшөт. Христиан динин тутушат. Негизги кесиби - дыйканчылык жана аңчылык. Кол өнөрчүлүк кеңири өнүккөн. Салттуу кийими - эркектери белинен ылдый жамынгыч тагынып, аялдары юбка кийишет.