МАКТУМГУЛУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКТУМГУЛУ [жашырын аты - Фраги; (1730-жылы ч. - 1790-жылы ч., ошол эле жер) - түркмөн акыны жана ойчулу. Акын Азади Дөөлөтмамед­дин уулу. Айыл мектебинен жана Хивадагы мед­реседен билим алган. 0. Азия, Азербайжан жана Иран фольклорун жакшы билген. Мененун кале­мине көп ырлар, лирикалык, лирика-эпикалык поэмалар таандык. Алардын бир далайы акын­дын жерине баскынчылар чабуул жасаганда жок болуп кеткен. Сакталып калганы - 10 миңден ашуун сап ыр. М. «Түркмөн тагдыры», «Эл ме­нен» аттуу ырларында тууган эли тууралуу ой толгосо, «Белгилүү», «Эл жакшысы» сыяктуу ырларында эрдикти даңазалаган. Анын поэзия­сы элдик акылман ой-пикир жана фольклор менен органикалык байланышта. Курч, элпек чыккандыктан, ырларынын көп саптары учкул сөзгө айланып кеткен. М. түркмөн поэзиясынын тилин өзгөр­түп, аны элдик тилге жакындаштырган. Аруз­ду элдик силлабикалык система менен алмаштыр­ган. Анын чыгармалары кийинки муундун акындарына чоң таасир тийгизген.

Чыг.: Махтумкули. Тандалган ырлар. Ф., 1960; Избранное. М., 2008.

Ад.: Мактумкули. Юбилейный сб. Аш., 1961; Дурдыев X. Ковчег разума: Размышления о Махтум­кули. Аш., 1988.