МАКРОЧӨЙРӨ
МАКРОЧӨЙРӨ - уюмдарга (ишкана, фирма, компания) көз каранды болбогон жана алардын маркетинг иш-аракеттерине бир кыйла таасир көрсөтүүчү демогр., экономикалык, табигый, экол., илимий- техникалык, маданий ж. б. факторлордун жыйындысы. М. тез-тез өзгөргөндүктөн, такай көзөмөлдө болууга тийиш.