МАКЕЛЕК ӨМҮРБАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКЕЛЕК ӨМҮРБАЙ, Макелек Өмүрбай уулу (10. 3. 1956-жылы туулган, КЭР, Кызыл-Суу кыргыз авто­номиялуу обл., Улуу-Чат ооданы, Чоң-Терек-Суу айылы) - кытай кыргыздарындагы белгилүү ада­биятчы, СУАР Улуттар аралык тил жазуу кыз­маты комитетинде проф. (1999), филология илимдеринин кандидаты (2008). Кытайдагы Шинжаң университети­нин география факультетин (1980), Пекин (Бейжин) борбордук улуттар институтунун кыргыз тили жана адабияты

факультетин (1982) бүтүргөн. 1982-жылдан СУАР Улуттар аралык тил жазуу кызматы комитетинде кыргыз тилин, кыргыз жазуусун изилдөө боюнча эмгектенет. 1985-жылдан Кытайдан чыгуучу кыргыз тилиндеги «Тил жана котормо» журна­лынын башкы редактору. Кыргыз тилин жана элдик чыгармаларын изилдөө боюнча 40тан ашык макаласы кыргыз, кытай, уйгур тилдеринде жарыяланган. «Куран Керимдин» котормосун кытайлык кыргыздардын жазуусунда басмадан чыгарган. Кытайдагы кыргыздардын жазуусу­нун орфогр. эрежесин, тыныш белгилеринин эре­жесин, адабий айтым (орфоэпия) эрежесин түзгөн «Орфографиялык сөздүк, кытайча-кыр­гызча сөздүк» ж. б. сөздүктөрдүн автору (атал­ган китептер кытайлык кыргыздардын жа­зуусунда Кыргызстанда да жарык көргөн).

Эмг.: Кыргыздын ак баталары. Б., 2003; Кыргыз адабияты тарыхы. Т. 1. Б., 2005; Манастын акылы. Б., 2012.