МАКБЕЛ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАКБЕЛ АШУУСУ Кыргыз Ала-Тоосунун баты­шында, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын­да. Нылды жана Макбел сууларынын башталы­шынан орун алган. Бийиктиги 3037 м. Ашуунун бе­ли анчалык татаал эмес, капталдары тик. Не­гизинен протерозойдун слюдалуу кварцит, амфи­болдуу сланец, эклогит тектеринен түзүлгөн. Ап­релден сентябрга чейин ачык. Мал ашырылат.