МАКАРЕНКО (кыштак)
МАКАРЕНКО - Ош облусу Өзгөн р-нундагы кыштак. Төрт-Күл айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 905 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн ш-нан 8 км түндүк тарапта. Кара-Суу т. ж. бекетинен 58 км. Калкы 2185 (2009); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенип, мал багат. Орто мектеп, клуб, китепкана, ФАП бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары иштейт.