МАЙ-ТӨР КЕРБЕН САРАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЙ-ТӨР КЕРБЕН САРАЙЫ - 10-13-к-га таан­дык археол. эстелик. Жети-Өгүз р-нунда Кум­Төр алтын кенинен 20-21 км түндүк-батышта, Кашка-Суу, Май-Төр сууларынын кошулушун­дагы Үч-Чат коктусунда жайгашкан. 1997-жылы Кум-Төр археол. экспедициясы тарабынан ачыл­ган. Пайдубалы (1,60 м) таштардан кыналып, дубалы топурак сокмо, айрым жерлери бышы­рылган кыштан тургузулган. Сарайдын кире беришинде туурасы 3 м болгон портал арка жасалган. Дубалдардын жазылыгы 5 м келип, айланасы аң менен курчалган. Кербен сарайдын борбордук бөлүгүндө чарбак жайгашып, дубалдарга ыктай каалгалары чарбакты караган 16 бөлмө болгон. Карапа идиштердин сыныктары (казан, чөйчөк ж. б.), Караханиддер дооруна таандык коло тыйындар, чырактар, жаа калдыктары жана кооздук буюмдар табылган. М.-т. к. с. Ысык­Көл өрөөнүнүн тескей багытындагы Улуу Жи­бек жолунун Чыгыш Түркстан багытын тейле­генетикалык Эстеликти археологдор К. Ш. Табалдиев, М. И. Москалёв жана О. А. Солтобаевдер изил­деген.