МАЙ-ДӨБӨ ШААР КАЛДЫГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЙ-ДӨБӨ ШААР КАЛДЫГЫ - 10-12-к-га таандык тургун жай урандысы. Талас облусунда­гы Кара-Буура р-нунун Май-Дөбө кыш-нан 1,5- 1,8 км түштүктө жайгашкан. Бардыгы үчөө. М.-Д. ш. к-нда жашагандар негизинен дыйкан­чылык, соода-сатык жана кол өнөрчүлүк менен ке­сип кылган. Маданий катмардан Караханиддер дооруна жана кийинки мезгилге тиешелүү ка­рапа калдыктары табылган. 1956-жылы археолог П. Н. Кожемяко казып изилдеген.