МАЗИЕВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАЗИЕВ Туратбек Абдыкадыр уулу (24. 1. 1947-жылы туулган, Талас обл., Манас району, Жайылган айылы) - спортчу, улуттук кыргыз күрөшү боюнча КРдин биринчи абсолюттук чемпиону (1974, Ош ш.), улуттук кыргыз күрөшү жана классикалык күрөш боюнча КРдин 18 жолку чемпиону. КРдин спорт

чебери. 1970-жылы ОшПИни бүтүргөн. 1971-72-ж. Забай­калье аскер округунда кыз­матөтөгөн. 1973-83-ж. Жа­йылган орто мектебинде му­галим, 1983-85-ж. райондук спорт комитетинин төрагасы, 1985-95-ж. Покровка орто мектебинде мугалим болгон. Улуттук кыргыз күрөшү боюнча М. атындагы эл аралык мел­деш 2004-жылдан өткөрүлөт. 2010-жылы М. атындагы Кыргыз күрөшүн колдоо коомдук фонду уюшу­луп, анын президенти болуп М. шайланган. Эл агартуунун отличниги (2003), маданияттын мыкты кызматкери (2007), дене тарбия жана спорттун отличниги (2007).