МАДАНИЯТ (кыштак)
МАДАНИЯТ — Чүй р-нундагы кыштак. Он БирЖылга айыл аймагына караштуу. Кызыл-Суунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чүй кыш-нан түштүк-чыгыш тарапта. Токмок т. ж. бекетинен 23 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 1001 (2012); негизинен мал багып, дыйкан чарбаларында эмгектенет.