МАДАНИЯТ (кыштак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:00, 30 октябрь 2026 карата vol5_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАДАНИЯТ - Талас облусу Бакай-Ата р-нун­дагы кыштак. К. Акназаров атындагы айыл аймагы­на караштуу. Деңиз деңгээлинен 1231 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Бакай-Ата кыш­нан 6 км түштүк-чыгыш тарапта. Жамбыл т. ж. бекетинен (Казакстан) 92 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 2017 (2009); негизинен мал багып, дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мек­теп, китепкана, ФАП бар.