МАДАМИН БЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАДАМИН БЕК, Мухаммед Амин Ах­мед бек, Мадамин Ахметбеков (1893-20. 5. 1920)- 1918-20-ж. Фергана өрөө­нүндө Совет бийлигин орнотууга каршы чык­кан корбашылардын бири. 1916-жылдагы кө­төрүлүшкө (к. Үркүн) байланыштуу падыша өкмөтү тарабынан камакка алынып, 1917-жылы Февраль революциясынан кийин бошотулган. 1917- 18-ж. Эски Маргалаң шаарында мусулман жумуш­чулар профсоюзунун төрагасы, милиция на­чальниги болуп иштеген. 1918-жылы жай айынан Кызыл Армияга каршы көтөрүлүшкө чыгып, 1919-жылы Фергана өрөөнүн ээлеген. Анын отря­дына казак-орустардан куралган К. Монстров­дун Дыйкандар армиясы кошулган. 1919-жылы 22- октябрда М. б. башында турган Убактылуу Фер­гана өкмөтү (Фаргона муваккат мухторият ху­кумати) уюшулуп, орун басарлыгына Монстров дайындалган. 1920-жылы февралдаМ. б-тин негиз­ги күчү Кызыл Армиянын курчоосунда калган. Натыйжада М. б. мусулман бюросу жана обл. рев­комдун башчысы Н. Хожаев менен тынчтык ке­лишимин түзүп, Совет бийлигин таанууга арга­сыз болгон. 20-мартта Түркстан фронтунун ко­мандачысы М. Фрунзе менен бирдикте аскер

па­радына катышып, башка корбашыларды да Совет бийлигине тартуу сунушуна кошулган. 1920-жылы 5-майда жардамчысы казак орус С. Су­хов менен бирге Үч-Коргонго жакын жерде Көр Шерматтын колу тарабынан М. б-тин башы алынган.

Ад.: Клавинг В. Гражданская война в России: Белые армии. М., 2003; Абдуллаханов Ж. Тарки дунё. Таш., 2009.