МАГНИТОГОРСК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГНИТОГОРСК - Россиядагы шаар (1931- жылдан). Челябинск облусу аймагында, Урал д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 410,0 миң (2010). Т. ж. бекети. Шаар металлургиялык ком­бинаттын курулушуна байланыштуу пайда бол­гон. Металлургдар ак сарайы, чиркөөлөр, эсте­ликтер бар. Кара металлургия (металлургия ком­бинаты жана заводу) ө. ж-нын йри борбору. Ма­шина куруу ишканасы, пианино заводу иштейт. Университет, институттар (тоо-кен металлургия жана педагогикалык),

театрлар (анын ичинде опера жана балет, куурчак), китеп­каналар (анын ичинде азиздер үчүн), сүрөт жана балдар сүрөтү галереялары, филармония, край таануу музейи бар. Шаарда фестивалдар жана конкурс­тар өткөрүлүп турат. М. 1743-жылы негизделтен.