МАГНИТ АНИЗОТРОПИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГНИТ АНИЗОТРОПИЯСЫ - ар кандай крис­таллограф. багыттар боюнча нерселердин магнит­тик касиеттеринин бирдей эместиги. Изотроп­туу газ, суюк, аморфтуу жана поликристаллдуу катуу нерселерде М. а. макромасштабда байкал­байт. М. а. ферромагниттик монокристаллдар­да ачык байкалат, анткени мындай кристалл­дардын жеңил магниттелүүчү октору бар. Ошол октор боюнча өз алдынча магниттелүүчү ферромаг­ниттик домендер багытталган. Домендин маг­нит энергиясы минималдуу болгондуктан, ок­тор боюнча магниттелиши жеңил болот. Кээ бир поликристаллдарды механикалык, жылуулук, магнит­тик жол менен иштеп чыгууда, алар кристалло­графиялык же магниттик текстурага ээ болуп, пайда болот.