МАГНИЙ КЕНТАШТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГНИЙ КЕНТАШТАРЫ - магний минералда­рынын жаратылыштагы чогундусу. Магний жа­ратылышта жүздөн ашык минералдардын ку­рамында жолугат. Алардын ичинен маанилүү­лөрү брусит (М£ 41,7%, (М& 28,8%), доломит (18,2%), кизерит (17,6%), бишофит (12,0%), лангбейнит (11,7%), эпсомит (9,9%), кайнит (9,8%). Магний-калий туздары эң негизги кен­таш болуп эсептелет. Ири кендери метаморфизм­делген доломит түрүндө кездешет. Магнезиттин метаморфизмделишинен брусит келип чыгат. Кээде магний туздары жер астындагы суулар­дын тийгизген таасиринен эрип, ачуу туздуу сууларды же булактарды пайда кылат. Эгер мындай туздуу суулар деңиз булуңдарында (мисалы, Кара-Богаз-Көл) же кургактыктагы чуңкурлар­да (мисалы, Баскунчак, Эльтон) жолукса, туз кен­дери пайда болот. Жер бетинде магний-калий туздары Девон, Пермь мезгилдеринде өтө көп санда жана бардык жерде топтолгон.