МАГНЕТИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГНЕТИТ (грекче та^пеИн - магнит) - магниттүү темир минералы. Химиялык формуласы ЕеО-Ее2О3. Курамында темир 72,4% ке жетет. Кошунду түрдө М^О, Сг2О3, А12О3, МпО, 2пО ж. б. кездешет. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5,5-6. Салыштырма салмагы 4,8-5,3. Өңү-түсү кара, кочкул кара, жылтыра­байт. Электр тогун жакшы өткөрөт. Ферримаг­нетик касиетине ээ. Кенташтарынын негизги типтери контакттуу-метасоматоз, магмалык, метаморфизм жолдору менен пайда болот. Ири кендери Урал, Украина, Швеция, АКШ ж. б. жерлерде кездешет.