МАГЕЛЛАН БУЛУТТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МАГЕЛЛАН БУЛУТТАРЫ астрономия­д а - туура эмес формадагы анча чоң эмес эки Галактика, биздин Галактиканын жандоочу­лары. 16-к-да М. б-н биринчи сүрөттөп жазган деңиз саякатчысы Фернан Магелландын ысмы­нан аталган. Түштүк жарым шарда жайгашкан­дыктан, КМШ өлкөлөрүнүн аймагынан көрүн­бөйт. Куралсыз көз менен караганда эки жаркы­раган тумандуулук сыяктуу көрүнөт. Чоң М. б. биздин Галактикадан 50 миң пк (160 миң ж. жылы) аралыкта жана массасы 10 миллиард Кун сис­темасына барабар. Ал эми Кичи М. б. алысы­раак жайгашкан, башкача айтканда 56 миң пк (185 миң ж. жылы) жана курамында 1,5 миллиард жылдыз бар. Чоң М. б. Алтын Балык, Кичи М. б. Тукан топ жылдызынан орун алган. Чоң М. б-нда саны жана жашы боюнча ар түрдүү көптөгөн жылдыздар чогулмасы, ошондой эле биздин Галактикада болбо­гон эски жана жаш жылдыздардын шар сымал чогулмалары бар.