МААСТРИХТ КЕЛИШИМИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МААСТРИХТ КЕЛИШИМИ - Европа союзун (ЕС) түзүү жөнүндөгү келишим. 1992-жылы 7-февралда Маастрихт шаарында (Нидерланд) Европа биримди­ги мүчөлөрү тарабынан кол коюлуп, 1993-жылы 1-ноябрда күчүнө кирген. Рим келишимин (1957) толуктаган жана өзгөрткөн, Европа интеграция процессинин жогорку деңгээлде ишке ашышын белгилеген. М. к. боюнча Европа союзу Европа биримдигинин негизинде түзүлгөн; эркиндик, саясий коопсуздук жана кызматташтык камсыз кылынып, Европа союзуна мүчө болгон өлкөлөр­дүн жарандары үчүн бирдиктүү европалык жаран­дык киргизүү аныкталган. М. к-нин шарттары­на ылайык 1999-жылдын 1-январынан ЕСте

бирдиктүү европалык валюта - евро киргизилген. М. к-не Амстердам (1997), Ницца (2003) жана Лис­сабон (2007) келишимдери кошумчаланган.