МААЛЫМАТ ЖАБДУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

МААЛЫМАТ ЖАБДУУСУ (Ба1атаге) - маалы­маттарды классташтыруу жана кодго айланды­руу системасынын бирдиктүү жыйындысы; до­кументтештирүүнүн өзгөчөлөштүрулгөн система­сы, мекемеде кыймылда болгон маалымат агы­мынын схемасы, ошондой эле берилиштер базасын түзүү жолдору катары маалымат системасынын

структуралык компоненти. М. ж-н камтыган системанын милдети башкаруу чечимдерин ка­был алуу үчүн туура маалымат берүү жана өз учу­рунда калыптандыруу болуп эсептелет. Өзгө­чөлөштүрүлгөн документтештирүү системасы мамлекеттик, тармактык, аймактык жана корпоратив­дик деңгээлде түзүлөт.