ЛЯЩЕНКО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЯЩЕНКО Николай Григорьевич [3(16). 5. 1910,

Иркутск обл., Зима станциясы - 10. 10. 2000, Москва ш.] - советтик аскер башчы, армиянын генералы (1968), Советтер Союзунун Баатыры (1990). 1910-жылдарда ата-энеси менен Ысык-Көлгө (азыркы Ананьево айылы) келген. Эмгек жолун Өрүктү чар­басында (кийин 54-жылкы заводу) чабендестиктен башта­ган. 1929-жылдан Советтик Ар­мияда. М. В. Фрунзе атындагы Аскер академиясын (1941), К. Е. Ворошилов атындагы Жогор­ку аскер академиясын (1948) жана анын Жогор­ку академиялык курсун (1970) бүткөн. Л. 1927-28-ж. Кыргызстандын Түп р-нунда комсомолдук кызмат­тарда иштеген. 1929-30-ж. О. Азияда басмачы­ларды талкалоого катышкан. Испанияда жа­рандык согушка (1937-38) респ-чылар тарапта ыктыярдуу катышкан. Улуу Ата Мекендик со­гуш (1941-45) мезгилинде Түштүк, Волхов, Ленин­град жана 2-Беларус фронтторунда полкко, бри­гадага (1941-43), 90-аткычтар дивизиясына (1943-45) командир болуп, Ленинград курчоосун бузуп өтүү жана жоюу, Советтик Балтика боюндагы элдерди боштондукка чыгаруу, фашист немис­терди өз жеринде талкалоо операцияларына катышкан. 1948-53-ж. дивизия, 1953-57-ж. кор­пус командири, 1958-63-ж. Түркстан аскер окру­гунун аскерлеринин командачысынын 1-орун басары, 1963-65-ж. Волга бою, 1965-69-ж. Түрк­стан, 1969-77-ж. Орто Азия аскер округдарынын командачысы, 1977-жылдын декабрынан СССР Коргоо министрлигинин аскер инспекциясында инспектор болуп иштеген. СССР Жогорку Сове­тинин (7-9-шайланышынын) депутаты. Төрт Ленин ордени, 4 Кызыл Туу, 2-даражадагы Суворов жана Кутузов, 3 Кызыл Жылдыз 3-да­ражадагы «Манас» ж. б. көптөгөн ордендер менен сыйланган. «Генерал Армии Н. Г. Лященко» ат­туу медаль чыгарылган. Ананьев айылындагы бир көчөгө жана орто мектепке аты берилип, ал жерде музей уюштурулган.

Чыг.: Годы в шинели (Юность командирская. Ф. 1973; Годы в шинели (Гроза над Родиной). Ф. 1976; Годы в шинели (Вперед - на запад! Победи! И после войны...). Таш., 1982.

Ад.: Сагынбаев О. Генерал Армии Н. Г. Лященко в Великой Отечественной войне. Б. 2010.