ЛЯОДУН ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЯОДУН ЖАРЫМ АРАЛЫ Кытайдын түндүк-чы­гышында, Сары деңиздин Ляодун менен Батыш Корей булуңдарынын аралыгында. Узундугу 225 км, жазылыгы 80-130 км. Жээктери түз, түштүк-ба­тышы (Гуаньдун ж. а-нда) риас тибинде. Жери­нин бетин бийиктиги 1132 мте чейинки дөбө-дөң­сөөлүү түздүк жана жапыз тоолор ээлейт. Бадал, айрым жерлеринде токой өсөт. Түздүктөрү жана өрлөрү айдоо (жүгөрү, гаолян). Ири портто­ру: Далянь (Дальний), Люйшунь (Порт-Артур).