ЛЮКСЕМБУРГ (династия)
ЛЮКСЕМБУРГ (люксембургча Lëtzebuerg, фр. Luxembourg, немисче Luxemburg), Люксембург Улуу герцогдугу (люксембургча Groussherzogtum Lëtzebuerg, фр. Grand-Duché de Luxembourg, немисче Großherzogtum Luxemburg) — Батыш Европадагы мамлекет. Түндүк-Ватышынан

Бельгия, чыгышынан Германия, туштүгүнөн Франция менен чектешет (чек арасынын жалпы узундугу 356 км.). Аянты 2586 км2 (түндүктөн түштүктү карай 82 кмге, батыштан чыгышка 57 кмге созулат). Калкы 503,1 миң (2010). Борбору -
Люксембург ш. Расмий тили - люксембург (мамлекеттик тил статусуна ээ), француз, немис тилдери. Акча бирдиги - евро. Администрациялык-аймактык жактан 3 округга, алар өз ичинен 12 кантонго бөлүнөт.
|
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008) |
|||
|
Округдары |
Аянты, |
Калкы, миң |
Администрациялык борборлору |
|
Люксембург |
904 |
350,8 |
Люксембург |
|
Дикирх |
1157 |
74,9 |
Дикирх |
|
Гревенмахер |
525 |
58,1 |
Гревенмахер |
Л. - БУУга (1945), ЭВФке (1845), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына (1945), Европа советине (1949), НАТОго (1949), Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмуна (1973), Европа союзуна (1993; 1958-67-ж. Европа экономикалык коомуна, 1967-92-ж. Европа коому), Евратомго (1958), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995) мүчө.
Мамлекеттик түзүлүшү. Л - унитардык мамлекет. Конституциясы 1868-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы - конституциялык монархия. Мамлекет башчысы - улуу герцог. Л. улуу герцог бийлиги Нассаус династиясынын өкүлдөрүнүн ортосунда мураска берилет. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы - депутаттар палатасынан турган парламент. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген улуу герцог өкмөтү ишке ашырат. Л-да көп партиялуу саясий система орун алган. Негизги саясий партиялары: Христиан-социалдык партиясы, Л. социалисттик жумушчу партиясы, Демокр. партия, Жашылдар партиясы ж. б.
Табияты. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Париж бассейнинин уландысы болгон (Гутланд) көтөрүңкү (бийиктиги 250-400 м) куэста түздүгү ээлейт. Түндүк бөлүгүндө (Эслинг) жапыс рельефтүү (558 мге чейин, Бургплан чокусу - Л-дун эң бийик жери) Арденна тоолору жайгашкан. Тектоникалык жактан бул аймак герцин бүктөлүшүнө таандык. Негизги кен байлыктары: чөкмө темир кенташтары, цемент сырьёлору, гипс, доломит, курулуш материалдары (кум, шагыл). Климаты мелүүн, континенттик климаттан деңиздик климатка өтмө; январдын орт. температурасы 0-2°С, июлдуку 17°С; жылдык орт. жаан-чачыңы түштүгүндө 700 лглгден түндүгүндө 1000 жлгге чейин. Дарыялары негизинен Мозель д-нын алабына кирет; анын негизги куймалары: Сюр жана Ур. Сюр д-на От-Сюр суу сактагычы курулган (аянты 3,8 клг2). Кыртышында күрөң жана чымдак-күл топурактары басымдуу. Токой Л-дун аймагынын бөлүгүн ээлейт. Түндүк бөлүгү токойлуу (55%), негизинен ийне жалбырактуу дарактар (карагай, кызыл карагай) үстөмдүк кылат. Түштүк бөлүгүндө бук, эмен токойлору таралган. Вересктер жана чым көңдүү саздар көп кездешет. Өлкөнүн аймагынын 17% и коргоого алынган; Жогорку Сюр табият паркынын аймагы эл аралык маанидеги суулуу-саздак жерге кирет.
Калкы. Өлкөнүн калкынын 56% и жергиликтүү люксембургдуктар, 44% и иммигранттар жана алардын тукумдары (европалык өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку көрсөткүч). Көбү (90% тейи) Европа союзуна кирген өлкөлөрдөн; эң көп топтору - португалдар (16,2%), француздар (5,8%), италяндар (3,95%), бельгиялыктар (3,6%), англистер (1,1%), голланддар (0,8%). 20-к-да Л-дун калкы 2 эседен ашык өскөн. Калкынын жалпы өсүүсү негизинен иммиграциянын эсебинен. Өлкөдөгү демогр. проблемалардын бири - улгайган адамдардын көптүгү. Өмүрдүн орт. узактыгы 80,1 жаш (аялдардыкы 82,7, эркектердики 77,6 жаш). Калктын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 194 адам (2010). Шаар калкы 82,3% (2008). Эң ири шаары - Люксембург, башка чоң шаарлары: Эш-сюр-Альзет, Дифферданж, Дюдеданж, Петанж. Л-дун экономикасында 332,5 миң адам (анын ичинде 40% ке жакыны чектеш өлкөлөрдөн күнүнө келип) иштейт; алардын 1,4% и айыл жана токой чарбаларында, 10,7% и ө. ж-нда, 10,6% и курулушта, 77,Зи тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Л-дун калкынын 85тен90%ке чейинкилери -
католиктер, калгандары - протестанттар жана мусулмандар.
Тарыхы. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта Люксембургдун азыркы аймагын кельттер мекендеген. Рим империясынын убагында биздин заманга чейинки 1-к-да Белгика-Прима провинциясынын, 5-к-дын аягында Франк мамлекетинин курамына кирген. Л. аймагы 963-ж. Ыйык Рим империясына, 1136-жылы Намюрск графынын, 1214-жылы Люксембург графынын ээлигине, 15-к-дан Люксембург герцогдугуна караган. Вена конгрессинин (1814- 15) чечими боюнча Герман союзунун (1866-жылы жоюлган) курамында Л. Улуу герцогдугу түзүлүп, ал Нидерланд королдугу менен унияда болгон. Л-дун азыркы чек арасы 1839-жылы белгиленген. Лондон конференциясында (1867; Россия, Улуу Британия, Австрия, Пруссия жана Франция) Л. «түбөлүк бейтарап» мамлекет болуп жарыяланган. Л. 1868-жылы конституция кабыл алган. 1890-жылы Л. менен Нидерланд ортосундагы жеке уния жоюлган. Биринчи дүйнөлүк согушта Л-ду герман аскерлери басып алган. Россиядагы революциянын (1917) таасиринен демокр. кыймылдардын натыйжасында Л. конституциялык монархиясы жарыяланып, Л. эмгекчилери жалпыга бирдей шайлоо укугуна, 8 сааттык жумуш күнүнө ээ болгон. 1920-жылдан Л. Улуттар лигасына мүчө. 1921-жылы Бельгия-Люксембург экономикалык союзу түзүлгөн.
Экинчи дүйнөлүк согушта (1939-45) Л-ду фашисттик Германия аскерлери (1940-жылы 10-майда) басып алган. 1945-жылы февралда немис баскынчыларынан бошотулган. Л. согуштан кийин Батыш Европа өлкөлөрү түзгөн топторго кошулуп, 1945-жылы БУУга, 1949-жылы НАТОго мүчө болгон. 1955-жылы Л. парламенти 1954-жылдагы Париж келишимин кубаттап, Батыш Европа союзуна кошулган. 1958-жылы Л., Бельгия, Нидерланд өлкөлөрү Бенилюксту түзүү жөнүндө келишимге кол коюшкан. 1950-60-жылдарда металлургия жана ө. ж. өндүрүшүнүн көлөмү тез өскөн. 1990-жылы Л-да Шенген келишимине кол коюлган жана 2002-жылы бирдиктүү валюта - еврону пайдалануу киргизилген. 1992-жылы Л. Маастрихт келишимине кол коюп, Европа союзун (ЕС) негиздөөчү мамлекеттердин бири болуп калган. Негизги саясий партиясы - Христиан-социалдык элдик партиясы (ХСЭП) 1919-жылы негизделген. 1995-жылдан Л. өкмөтүн ХСЭП мүчөсү Ж. К. Юнкер жетектейт. ХСЭП 2004-жылдагы шайлоодон кийин коалициялык өкмөт түзүп, Люксембург социалисттик жумушчу партиясы менен Юнкер премьер-министр болуп калган. Улуу герцог Жана (1964-2000) тактыдан түшкөндөн кийин, анын ордун уулу Анри ээлеген (2000-жылдан).
Чарбасы. Л. - өтө өнүккөн өлкө. ИДПнин көлөмү 40,81 миллиард доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 81,8 миң доллардан туура келет (2010); бул көрсөткүч боюнча Европа союзуна кирген өлкөлөрдөн алда канча алдыда. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,964 (2007; дүйнөдөгү 182 өлкөнүн ичинен 11-орунда). ИДПнин түзүмүндө тейлөө чөйрөсүнө 86% (дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири), ө. ж-на 13,6%, айыл жана токой чарбаларына 0,4% туура келет. Л-дун ө. ж. негизинен импорттук табигый газга жана Германиянын электр энергиясына байланыштуу. 2007-жылы 3 миллиард кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн, ал эми керектөөсү 6,75 миллиард кВт-с. Өлкөдөгү эң ири ЖЭСтин кубаттуулугу 350 МВт; ири ГЭСтери Мозель жана Сюр д-на курулган. Иштеп чыгаруучу ө. ж. продукциясынын басымдуу бөлүгү экспорттолот. 20-к-дын аягынан өндүрүптү кыйла кыскаргандыгына карабастан, кара металлургия ө. ж. өнүккөн; болот прокаты өндүрүлөт. Германия, Франция, Улуу Британия ж. б. өлкөлөрдүн автомобиль заводдору жана Бельгия, Нидерланддын автомобиль кураштыруучу ишканалары үчүн түрдүү комплектөөчү тетиктерди, түйүндөрдү, агрегаттарды чыгарат. Бул продукцияларды өндүрүүгө металлургия, химия, электр-техникалык, айнек жана электроника ө. ж. тармактары багытталган. Ички керектөөлөрү үчүн жергиликтүү сырьёлордун (доломит, акиташ ж. б.) базасында курулуш материалдар өндүрүшү өнүккөн.
Аралаш типтеги (мал чарбачылык-өсүмдүк өстүрүүчүлүк) чарбачылык басымдуу. А. ч-га жарактуу жери 130,76 миң га (2009), анын ичинде шалбаа 45,3% , жайыт 6,7%, дан эгиндери 21,8%, тоют чөптөрү 17,7%, башка эгиндер, жүзүмзар 1%. А. ч. өндүрүшүнүн негизин мал чарбасы түзөт (а. ч. продукциясынын 3/4 бөлүгүнөн ашыгын берет). Башкы тармагы - сүт багытындагы уй асыроо (агрардык продукция наркынын 45%тейи); ошондой эле эт багытындагы мал жана чочко чарбалары да өнүккөн. Сүт, сыр жана май даярдалат. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк а. ч. продукция наркынын 20% ин түзүп, мал чарбасы үчүн дан жана тоют өсүмдүктөрүн өстүрүүгө багытталган. Картөшкө, буудай, сулу, арпа, кара буудай, жүгөрү жана үрөн үчүн уй беде өстүрүлөт. Мозель д-нын өрөөнүндө эзелтен жүзүмчүлүк өнүккөн. Сапаттуу ак шараптын жарымы экспортко кетет. Токой 89,8 миң га жерин ээлейт.
Тейлөө чөйрөсү - өлкөнүн экономикасынын негизги сектору. Негизги тармактары: банк-финансы ишмердиктери, байланыш жана телекоммуникация, транспорт жана логистика тейлөөсү, соода жана туристтик бизнес. Финансылык тейлөөнүн өнүгүүсүнө холдинг кампанияларына, инвестициялык фонддорго карата салык мыйзамынын жана саясатынын ыңгайлуулугу, банк салымынын сырын сактоо кепилдиги ж. б. шарт түзөт. Өлкөнүн банк системасынын негизги артыкчылыктары - финансылык тейлөөнүн ар түрдүүлүгү, дасыккан финансисттери жана юристтери, кардарлар жөнүндөгү маалыматтарды жашыруун сактай алгандыгы. Л. банк
активдеринин жалпы көлөмү боюнча дүйнөнүн ири финансы борборлорунун бири болуп саналат. Л-да 2009-жылы 149 банк катталган, алардын көбү чет өлкөлүк кардарлар менен иштеп, эл аралык рыноктордо активдүү операцияларды жүргүзөт. Жыл сайын Л-га 200 миндей турист келет; алардан түшкөн киреше 2,9 миллиард еврону түзөт (2009). Л. - Европанын маанилүү транспорт тоому. Жүктүн көбү автотранспорт менен ташылат. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 2,9 миң км (анын ичинде тез ылдамдыктагы шоссеники 152 км\ 2010). Т. ж-нун узундугу 275 км (2009); 2007-жылы Франциянын тез жүрүүчү т. ж-на кошулган. Мозель д-нда кеме жүрөт; негизги порту - Мертерт. Финдель эл аралык аэропорту иштейт. Экспортко негизинен металл жана андан жасалган буюмдар, машина, пластмасса, транспорт каражаттары жана
текстиль буюмдарын чыгарып, транспорт каражаттарын, металл жана химия продуктуларын, азык-түлүк, жыгачтан жасалган буюмдарды, кагаз импорттойт. Негизги соода шериктери: Германия, Бельгия, Франция, Нидерланд, Италия, Улуу Британия.
Ө. Бараталиее, Ш. Керимова.
Маданияты. Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону; 6 жылдык башталгыч, 8-9 жылдык жалпы орто жана орто кесиптик-техникалык билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 100% ти түзөт (2012). Ири ЖОЖдор, илимий мекемелер, музей, китепканалар Люксембург ш-нда жайгашкан. Немис жана француз тилдеринде «БихешЬиг^ег ДҮог!» (1948), «Та^еЫай» (1912), «БеЫеЪиегеег Зоигпа!» (1948), «Бе ТеисИ», «Ьа Уо1х <1и БихешЪоиге» (1982) ж. б. гезиттер; «Те1есгап» (1978), «Кечие» (1945) ж. б. журналдар чыгат. Радиоуктуруусу 1931-жылдан, телекөрсөтүүсү 1955-жылдан иштейт. Л. аймагында алгачкы коом маданиятынын, кельттердин, байыркы римдиктердин эстеликтери сакталган. Өзгөчө түндүктө, Арденндин аскалуу тоо тармактарында көбүнчө кайра курулган 10-15- к-дагы замоктор (Вианден, Буршед, Бурглинстер ж. б.), сепилдер (Петтингдеги Петанж, 12-к. ж. б.), мунаралуу бар, шаар дубалдары (Эхтернахта) жана кароол мунаралары сакталган. 10- к-дан роман капеллалары (Люксембурдагы СенМишель часовнясы; Роспорттогу капелла, 13-к. ж. б.) жана базиликалар (Ыйык Пётр жана Павел, 10-12-к.); коңгуроо мунаралары, Мюнсхаузендеги чиркөө, 16-к-дын 2-жарымында Ренессанс стили (Л-дагы мурдагы Ратуша, азыркы Улуу герцогдор Ак сарайы), 17-к-дын башынан - барокко (Л-дагы Нотр-Дам соборунун порталы, Д. Мюллер ж. б.) тарала баштаган. 17-18-к-да
эски замоктор (Эрпельданж, Петанж ж. б.) кайра курулган жаңы замоктор (Витранж, Вильц ж. б.) салынган. 19-к-да классицизм эклектизмге Вильцтеги Ратуша, 1880, жол бошотот. Неороман стилинде Кольмар-Бергдеги улуу герцогдор замогу (1907-11), Ыйыктары Маврикий жана Мавр бенедикт аббаттыгы (1009-12), неоготика стилинде Дикирхтеги Ыйык Лаврентий чиркөөсү (1867-68), Пеппанжедеги Сен-Сакреман монастыры (1883) ж. б. курулган. Л-дун түштүгүндө ө. ж-дын өнүгүшү 19-к-дын аягы - 20-к-дын башында индустриялык жана турак жай курулуштарынын пайда болушун шарттаган. 20-кдын ортосу - 21-к-дын башында модерн стилинде жаңы шаар кварталдары (Люксембургдагы Европалык борбор р-ну, 1966), 2-дүйнөлүк согуштун баатырларына арналган монументтер (Вильцте, 1956), чиркөөлөр (Вильцтеги Нотр-Дам-деФатима санктуарийи, 1949-52), турак жай жана коомдук курулуштар (Эхтернахтагы жогорку мектеп комплекси, 1970, арх. Л. Крие; Люксембургдагы Улуу герцог Жан атындагы заманбап искусство музейинин имараты, 2006, арх. И. М. Пей) тургузулган. Л. сүрөт искусствосу негизинен франц. таасирде өнүккөн (Ж. Б. Фрезенин портреттери; С. Вайстын импрессионистик акварелдери, пейзажы ж. б. Люксембург живопись мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири, сүрөтчү Ж. Куттердин сүрөттөрү боёкторунун түстөрүнүн ургаалдуулугу менен айырмаланат («Клоундар» цикли, 1936-37). Абстракционизм Л. Веркольенин скульптурасында иштелип чыккан. 1970-жылдарда сүрөт искусствосуна Р. Бертемес, Б. Хайарт, 1980-жылдардын аягында П. Липперт, Р. Бренди келишкен. Монументалдык скульптурада Ш. Энгельс эмгектенет. Эхтернахта (1975-жылдан баштап) жана
Бурглинстер замогунда классикалык музыка (1982-жылдан); «Printemps Musical» (1983-жылдан) жана «New Orleans meets Luxembourg» жеңил музыка фестивалдары (2006-жылдан) Эш-сюр-Сюрда жана Вильцте театр жумалыктары өткөрүлөт. Ышкыбоздордун музыка ойноо салты өөрчүгөн; элдик музыка жана бий фестивалдары өткөрүлөт.
Ад.: Люксембург // Болыпая Российская энциклопедия. Т. 18. М„ 2011.


