ЛЮКСЕМБУРГ (шаар)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛЮКСЕМБУРГ - Люксембург Улуу герцогдугу­нун борбору. Альзет (Сюр д-нын куймасы) жана Петрюс д-нын боюнда, деңиз деңгээлинен 334 м бийик­те жайгашкан. Калкы 75,2 миң (2010; Чоң Люк­сембургда 120 миң). Трансевропа жолундагы ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метал­лургия, машина куруу, химиялык, тамак-аш-таты­мал, тигүү ө. ж. ишканалары иштейт. Эл ара­лык финансы борбору. Европадагы эң ири ма­даний очок. Эл аралык университет, Улуу герцог институту, консерватория, улуттук китепкана, натуралист­тер коому, улуттук музей, театр, медицина кол­лежи, искусство жана кол өнөрчүлүк мектеби бар. Алгач 963-ж. ченде сепил катары эскерилет. 1244-жылдан шаар. Л. 1505-1684-жылы жана 1697- 1714-жылы Испанияга тиешелүү болсо, 1684-97-ж. жана 1794-1815-жылы Франциянын ээлик аймагы­нын курамына кирген. 1714-94-ж. Австриянын эзүүсү астында болгон. 1815-жылы Вена келиши­минин чечими менен Люксембург Улуу Герцогду­гу түзүлүп, ошол мезгилден анын борбору. Улуу герцогдун резиденциясы, Сен-Кирен капелласы (6- жана 15-к.), готика стилиндеги Сен-Мишель чиркөөсү (16-к.), ренессанс стилиндеги юстиция ак сарайы (16-к.), барокко стилиндеги Нотр-Дам

Люксембург ак сарайы. 1615—31.

собору (17-к.) сакталган. Ар кандай фестивал­дар, карнавалдар, шарап майрамы жана эрте жаз­да ачылган гүлдөрдүн көргөзмөсү (апрелде) өт­көрүлүп турат.