БАТТЕРФЛЯЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:11, 27 Апрель (Чын куран) 2026 карата Gulira (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТТЕРФЛЯ́Й (англ. butterfly – көпөлөк) – сууда спорттук сүзүү ыгы. Анда спортчу эки колу менен бир мезгилде сууну шилеп, андан кийин колун суунун үстүнө чыгарып, көкүрөк менен бутун брасстагыдай (кара: Брасс) кыймылдатып сүзөт. 1934-жылы сууда сүзүүнүн өзүнчө ыкмасы катары кабыл алынган. Сууда сүзүүнүн эл аралык федерациясы 1952-жылы аны брасс ыкмасынан өзүнчө бөлгөн. Баттерфляйдын өркүндөтүлгөн түрү д е л ь ф и н деп аталат.