ЛУПАН
ЛУПАН Андрей Павлович [2(15). 2. 1912, азыркы Резин району, Мигулен кыш. - 24. 8. 1992, ошол эле жер] - молдаван жазуучусу, коомдук ишмер. Молдаван ССР ИАнын академиги (1961). Чыгармалары 1932-жылдан жарыялана баштаган. Алгачкы «Ырлар» жыйнагы 1947-жылы жарык көргөн. Жыйнакка анын согуш жылдарындагы (1941-45) ырлары кирген. Л. - «Балдарга киришме» (1954), «Чебер уста» (1958), «Тууган жер» (1959), «Меймандостук жосун» (1966) ж. б. китептердин, адабий-сын макалалардын автору. «Менин жүгүм» аттуу ыр китеби үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгын алган (1975). А. С. Пушкин, Н. А. Некрасов, Т. Шевченко, М. Горький, В. Маяковский ж. б. акын-жазуучулардын чыгармаларын молдаван тилине которгон. Ленин ордени менен сыйланган.