ЛУКИАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 30 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛУКИАН (120-ж. чен, Сирия, Самосата ш. - 180-жылдан кийин, Египет) - байыркы грек жа­зуучу-сатириги. 165-180-ж. ченде Афиныда мык­ты чыгармаларын жараткан. Туңгуч чыгарма­лары экинчи софистика багытында. Л. сатира­лык диалог жанрында жатык, куйкум тил менен мифол. сюжеттерди пародиялайт; кейипкерле­ринин сөздөрү азилге, ылакапка бай. Такшал­ган кезинде киниктердин демокр. философия­сынын идеялары менен стоиктердин идеяларына таасирленет («Менипп», «Той», «Кудайлар мае­ги», «Өлүктөр падышалыгындагы маектер»). Философиялык көз карашынын эволюциясы Л-ды Эпи­курдун материализмине жакындаткан. Л-дын чыгармачылыгы византиялык сатирачыларга, кийин­черээк Кайра жаралуу (Эразм Роттердамский, У. Гуттен, Ф. Рабле) жана Агартуу доорлорунун (Вольтер, Ж. Свифт) сатиралык адабиятына таасир тийгизген.