ЛОРЕНЦ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
00:59, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОРЕНЦ (Лорентц) Хендрик Антон (18.7.1853, Арнем - 4.2.1928, Харлем) - нидерланддык фи­зик, Петербург ИАнын чет элдик корр. мүчөсү (1910) жана СССР ИАнын чет элдик ардактуу мүчөсү (1925), проф. (1878). Лейден университетинде би­лим алган (1870-72). 1923-жылдан Харлемдеги Тейлор ИИИде директор болгон. Л. өзүнүн док­торлук диссертациясында жарыктын чагылуу жана сынуусун Максвеллдин электр-магниттик теориясында караган жана эки чөйрөнүн кесили­шинде 4 шарт пайда болорун көрсөткөн. Элект­рондук теориянын жардамы менен Л. металлдын жылуулук жана электр өткөрүмдүүлүк коэфф-те­ринин ортосундагы байланышты, Холл, Керр эффекттерин ж. б. көптөгөн кубулуштарды тү­шүндүргөн. Л. - өзгөртүп түзүү жана кыймылдуу чөйрөнүн электр-динамикасынын автору. 1895-жылы «жергиликтүү убакыт» түшүнүгүн киргизип, бир калыпта түз сызыктуу кыймылдаган эсептөө системасы үчүн Максвелл тендемелери болжол­ДУУ туура экендигин далилдеген. Нобель сыйл. лауреаты (1902, П. Зееман менен бирге).