ЛОНДОН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1924)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
00:59, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОНДОН КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (1924) - Биринчи дүйнөлүк согушта (1914-18) жеңген держава­лардын өкүлдөрүнүн жыйыны. Л. к. 1924-жылы июль-август айларында Лондондо өткөн. 16-ав­густта Ч. Дауэс жетектеген эл аралык эксперт комитети сунуш кылган Германия үчүн репарация­лык план кабыл алган. Ал боюнча согуш ө. ж. потенциалын калыбына келтирүү үчүн Герма­нияга зайым жана кредит берүү каралган. АКШ, Улуу Британия, Франция германиялык агрес­сияны СССРге каршы багыттап, Германиянын экономикасын америкалык-англ. монополияларга көз каранды кылууга умтулган.