ЛОНГФЕЛЛО
ЛОНГФЕЛЛО Генри Уодсуорт (27. 2. 1807, Мэн штаты, Портленд - 24. 3. 1882, Массачусетс штаты, Кембриж) - америкалык акын, жазуучу. Боудойн коллежин бүтүрүп, Европадан (1826-29) окуусун аяктаган. Алгачкы ырлары 1820-жылы чыккан. Ыр,

роман, поэма, новелла жана публицистикасында романтик катары согушка, кулчулукка, улуттук кастык менен эзүүгө каршы чыгып, буржуазиялык практицизмге жаратылышты жана өткөн замандын патриархалдык-пуритандык адеп-ахлагын каршы койгон. Индей жомокторун негиз кылып, финн эпосу «Калеваланын» үлгүсүндө индейлердин элдик баатыры жөнүндө «Гайават жөнүндө ыр» (1855) аттуу эпосту жазып, дүйнөгө атагы чыккан. «Жерлер жөнүндө ырлар» (1876-79) аттуу 31 томдон турган жыйнагын чыгарган. Анын «Кулчулук жөнүндө ырлары» Россиянын демокр. чөйрөлөрүндө, айрыкча 19-к-дын 60-жылдарындагы белгилүү чыгармалардан болгон.
Ад.: Ронгонен Л. И. Г. У. Лонгфелло и его поэма «Песнь о Гайавате». М., 1982.