ЛОЛЛОБРИДЖИДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
00:59, 31 октябрь 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нуска (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЛОЛЛОБРЙДЖИДА Жина (өз ысмы Луиджи­на; 4. 7. 1927-жылы туулган, Субиако) - итал. актриса. 1946-жылы «Кара бүркүт» фильмине тартылган, 1947-жылы Италияда өткөн «Мисс Италия» сулуу­лук конкурсунан кийин белгилүү боло башта­ган. Ж. Филипп менен «Фанфан-Тюльпан» (реж. Кристиан Жак) приключениелүү фильмине тар­тылган. 1950-жылдардын башында «күлгүн нео­реализмдин» фильмдерине, анын ичинде ага атак-даңк алып келген Л. Коменчининин «Нан, сүйүү жана фантазия», «Нан, сүйүү жана кызганыч» коме­дияларына В. Де Сика менен бирге тартылган. Кийин Л. итал., европалык жана америкалык көңүл ачуучу мүнөздөгү фильмдерге («Соломон жана каныша Савская», «Империялык Венера» ж. б.) тартыл­ган. 1970-жылдары Л. Куба жөнүндө «Фиделдин портрети» (1975) деген документ фильм коюп, көркөм фотография менен иштейт. «Абайлагыла, бандиттер», «Түнкү сулуулар», «Элеттик кыз», «Римдик кыз», «Париждик Кудай эне собору», «Сентябрда кел», «Эң сонун ноябрь», «Төрө, матке, вазир» фильмдерине тартылган. 1980- жылдардан скульптура менен алектенет. Чыг-лы­гы жана киноиск-вого кошкон салымы үчүн Ба­тыш Берлинде (1986), Карлови-Вариде (1995), Москвада (1997) ЭКФ сыйл. алган. Ардактуу легион ордени менен сыйланган.

Эмг.: ИаНа ш1а. Пгепхе, 1972; Моя Италия [фото­альбом]. М., 1975.